Шахмат боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышууда

Шахмат боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышууда. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-декабрда Аль-Айн шаарында старт алган Дүйнө чемпиондугуна 120 мамлекеттен 1850 спортчу катышууда. Чемпионду аныктоо үчүн оюнчулар 11 турдан ойноп чыгышат. Мелдеш 28-декабрда жыйынтыкталат.

Белгилүү болгондой, бул мелдешке Кыргызстандын желеги астында 19 шахматчы катышууда. Алардын 13ү жаш балдар болсо, 6сы кыздар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан