Бүгүн, 20-февралда Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын окуучуларын мектепке ташып жеткирүү үчүн 1 чакан автобус белекке берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобус "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Миң-Куш филиалы менен биргеликте иш алып барып жаткан "Шанси Коал Инвестмент групп" компаниясы тарабынан берилди.
Учурда Миң-Куш айыл өкмөтүндө 900 түтүн, же 6 миң 594 калк жашайт. 1008 окуучу Миң-Куш айылындагы 3 мектепке жана Кабак айылындагы 2 мектепке барып-келип окушат. Айылдардын аралыгы алыс болгондуктан мектеп окуучуларына транспорт каттамы зарыл болгон. Былтыр мамлекет башчысы тарабынан дагы 2 чакан автобус окуучуларга белекке берилген.