Жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мекемелер аралык жумушчу топко эки айдын аралыгында өлкө аймагында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин текшерет.
Ошондой эле анын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын жетекчилигинин кароосуна алардын ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.