Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты

Өлкөнүн тоолуу райондорунда 21-22-февраль күндөрү кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан