Бүгүн, 20-февралда Кыргыз Эл артисти Александра Марусич узакка созулган оорудан улам 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-февралда Бишкекте - Чыңгыз Айматов атындагы орус драма театрында өтөт.
Александра Евгеньевна Марусич 46 жылдан ашуун орус драма театрында эмгектенди. Анын репертуарында 50дөн көп ар түрдүү ролдор бар.
SUPER.KG порталынын жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.