
Ноокат районундагы электриктердин үзүлгөн чубалгыларды оңдоого кетип бара жаткандагы видеолору жарыяланды.
Ош электр тармактары ишканасы билдиргендей, Ноокат РЭТинин энергетиктери "Көк-Бел" көмөк чордонунан чыккан 10 кВ "Телевышка" аба чубалгысында жаралган авариялык кырдаалды жөнгө салышкан.
Видеодо электриктер авариялык кырдаалды жөнгө салуу үчүн унаа барууга мүмкүн болбогон жерге жөө чыгып бараткандарын көрүүгө болот.