Түп райондук электр тармактарынын кызматкерлери Михайловка айылында ашыкча жүктөмдүн айынан күйүп кеткен трансформаторду тез арада калыбына келтиришти. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
"Кардын калыңдыгынан техника тыгылганына байланыштуу трансформаторду энергетиктер колго сүйрөп, жеткизип, тез арада күйүп кеткен тетикти алмаштырышып, 2-3 сааттын ичинде элге жарык беришти.
Кандай гана абал болбосун, ызгаардуу суукпу, жайдын ысыгыбы энергетиктер ар дайым эл үчүн кызмат кылууга даяр", - деп айтылат маалыматта.