Биз социалдык тармакта

Шакиев башталгыч класстын окуучуларын кыргыз тилинде гана окутууну сунуштады 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мектепте 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин 21-февралдагы жыйынында билдирди.

"35 жылдан бери мамлекеттик тил өнүккөн жок. Коңшу Казакстанда 1-4-класска чейин бир гана казак тилинде сабак өтөт. Башка тил жок. Биз ушундай кадамга барышыбыз керек. Баланын тили бала бакчада, башталгыч класста калыптанат. Эгерде кыргыз тилин өнүктүрөбүз десек башталгыч класстан башташыбыз керек", - деди Шакиев.

Ошондой эле төрага бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билүүсү керектигин айтты.

21.02.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-02-21 15:17:00
Эң туура айтат, улут болсом тилим менен улутмун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан