Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева парламентте кыргыз тили керекпи деген талкуу болбош керектигин айтты.
"Мамлекеттик тил керекпи, же жокпу деген парламентте талкуу болбошу керек. Бул маселеге чоң чекит коёлу. Бул жерде 90 депутаттын ичинен ызылдап, өткөн жумада жылдыргыла деген кана өзү. 18 депутат отурабыз уят да", - деди ал.
Эл өкүлү Сурабалдиева талкууну токтотуп, добушка коюуну сунуштады.
"Урматттуу коллегалар кандай дейсиңер, ушуну кыскартып эле добушка койбойлубу? Уят да, кошуна мамлекеттер бул кыргыздар дагы деле "Киргизия" болгусу келет деп бизди карап жатышат. Канчалык суранган сайын Кыргызстан боло албай жатабыз да", - деди Сурабалдиева.