Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Улуттук курама командага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын сунуштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Билдиргендей, мындай сунуш кечээ, 20-февралда КФСтин кеңсесинде өлкө курама командалары жана Кыргыз Премьер-Лигасынын футбол клубдарынын машыктыруучулары менен жолугушканда айтылган.
"КФСтин президенти Улуттук курама командага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын киргизүү боюнча өз идеясын сунуштады, ал жакында команданын машыктыруучулар штабы менен талкууланат", - деп айтылат маалыматта.