Бишкектеги "Ош базарында" социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Билдиргендей, бүгүн, 21-февралда аталган кызматтын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери "Ош базарда" эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле соода түйүндөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдын талаптарын сактоого чакырышты.