Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык окуучулар "British Biology Olympiad 2024" олимпиадасында 17 медалга ээ болушту 

Кыргызстандык 116 мектеп окуучусу биология боюнча британ олимпиадасында (British Biology Olympiad 2024) 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча миңден ашык мектептен 15 миңден ашуун окуучу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1. Данияр Гаипов, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;

2. Арген Ишеналиев, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;

3. Азирет Анварбеков, Кусеин Карасаев атындагы Каракол лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;

4. Нурсултан Увалиев, Карасаев атындагы Каракол лицейи, 10-класстын окуучусу – алтын медаль;

5. Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 экологиялык-экономикалык лицейи, 9-класстын окуучусу – алтын медаль;

6. Байзак Карыпжанов, “Манас-Ата” Талас лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;

7. Рахман Марат уулу, Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;

8. Айбийке Базарбаева, Бишкек шаарындагы United World International School, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;

9. Дамир Маджунов, Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль;

10. Али Эшматов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;

11. Өмүрбек Русланбеков, Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль;

12. Алихан Жуссипахмет, Бишкек шаарындагы QSI, 9-класстын окуучусу – күмүш медаль;

13. Нурбол Акматалиев, Бишкек шаарындагы American-European School, 10-класстын окуучусу – коло медаль;

14. Элхан Акимов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 9-класстын окуучусу – коло медаль;

15. Мелита Самиева, “Айчүрөк” Бишкек кыздар лицейи, 11-класстын окуучусу – коло медаль;

16. Мухтадил Хамитжанов, Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 9-класстын окуучусу – коло медаль;

17. Алмамбет Абдылдаев, Кант шаарындагы Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – коло медаль;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан