“Градиент” ишканасына байланыштуу кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Мыйзамсыз кирешени адалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. 
ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, өткөн жылы ноябрь айында Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Өргө жаңы конушундагы жолду оңдоо үчүн тендер жарыялап, “Градиент” фирмасы жеңген. Текшерүүдө аталган фирманын атайын техникасы жок экени, керек жабдууларды ижарага алары аныкталган. Жасалган иштин көлөмү да көбөйтүлүп жазылып, мамлекетке 1 миллион 33 миң сом зыян алып келген. Муну Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз кабыл алган. 
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу)  ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
future_kg
2013-12-19 10:46:16
Чондор бекеринен бийликке умтулбайт да! Бийликке келип, фиюрмаларына крыша болуу го булардын максаты!
0
Xamer
2013-12-19 11:08:57
Сарпашев эркек болсон кетип кал!!!
0
sr.komp
2013-12-19 14:54:20
Бул Тайырбек акени камаш керек Токтогул дук болуп токтогулка жакшылык кылбаган Токтогулдуктар бул кишини коп таный деле беришбейт Элдин бары Жолчубек акенин баласы экен деп журушуптур ойлошот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан