Социалдык тармактарда тизеден жогору карды жиреп бараткан мугалимдердин видеосу тараган. Билим берүү министрлиги алар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Асанбаев атындагы орто мектептин мугалимдери Дамира Султанбаева менен Бактыгүл Дадакеева экенин тастыктады.
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиргендей, министр Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
"20-февралда Жыргалаң айылында катуу бороон болуп, техниканын жетишсиздигинен бардык көчөлөр тазаланган эмес. Ага карабастан мугалимдер толук жумушка чыккан.
Мектепте от жагылып, жылуу болгондуктан сабактар кадимки режимде өтүлүүдө. Мектепте 163 окуучу билим алат", - деп айтылат маалыматта.