Биз социалдык тармакта

Араванда селди алдын алуу үчүн каналды тазалоо иштери жүрүүдө

Оштун Араван районунда сел өтүүчү каналда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Аталган жумушту ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгы жүргүзүп жатат. Ага ылайык, Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Жеке-Мисте айылындагы 1500 метр аралыкта сел өтүүчү каналын тазалоо жумуштары аткарылууда.
"Ал үчүн министрлик тараптан атайын техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалган. Аткарылган жумуштун натыйжасында Жеке-Мисте айылындагы 200дөн ашык турак-жай жана 14 гектар үлүш жерлер корголот", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан