Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Орусияда уюштурулган "Келечектин оюндарынын" ачылышында кыргызча кайрылды

Кечээ, 21-февралда Орусиянын Казань шаарында уюштурулуп жаткан “Келечектин оюндарынын” ачылыш аземине алты мамлекеттин лидерлери катышып, ар бири спортчуларга эне тилдеринде кайрылды.
Анда өлкө башчы Садыр Жапаров спортто күчтүүлөр гана жеңерин айтты.
"Спорт - дүйнөнүн элчиси, спорт бул ден соолуктун булагы деп жөн жеринен айтылган эмес. Баарыңыздарга биринчи кезекте ынтымак, экинчи кезекте ден соолук каалайм. Спортто дайыма күчтүүлөр жеңет, күчтүүңөр жеңгиле. Баарыңарга ийгилик каалайм", - деди Жапаров.
Ал эми коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев казакча сүйлөп, кийинки оюнду Казакстанда өткөрүүнү сунуштады.
Турнирге 107 өлкөдөн келген 270тен ашык команда жана 2000ден ашуун спортчулар катышууда.
Бүгүн, 22-февралда мамлекет башчысынын Орусияга болгон сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.
22.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан