Биз социалдык тармакта

Бишкекте №2 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Бишкекте 2024-жылдын 22 - февралынан баштап “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлеген №2 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Мындай чечим “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын жана Көк-Жар конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.
"№2 автобус Үмүт конушунан Мыскал, Юбилейный, Ленинский, Фучик, Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Московский, Ж.Гвардия, Л.Толстой (инфекционная больница), Логвиненко, Панфилов, Горький, 7-Апрель, Ахунбаев, Арстанбап, Куланак көчөлөрүн камтып Көк-Жар конушуна чейин каттайт", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, узундугу 36 километр, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөт. Бул линияга 20 автобус чыгат.
Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан