Кыргыз футбол союзуна жаңы президент болуп шайланган Камчыбек Ташиев улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Жолугушуу бүгүн, 22-февралда болгон. Анда КФС президенти жана башкы машыктыруучу Улуттук курама команданын 2026жылы тө турган Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык оюндарына болгон даярдыгын талкуулашкан.
19-февралда өткөн маалымат жыйында Камчыбек Ташиев Штефан Таркович боюнча дагы оюн айткан. Анда Ташиев машыктыруучуларды тез-тез алмаштырбай, тескерисинче аларга шарт түзүп берүү маанилүү экендигин белгилеген.