Бүгүн, 22-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол-Эңилчек унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 47-48-чакырым аралыгы №11 ЖТИ тарабынан кар көчкүдөн тазаланып, 1 тилкеде эки тараптуу каттам ачылды.
Жалпы 3 көчкү түшүп, көлөмү 23 миң метр кубду түздү. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.