Бишкек шаарынын аймагында тыюу салынган буюмдарды өрттөө боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө Ленин районуна тиешелүү мончолор, тактап айтканда, "Кызыл-Аскер", "Ак-Ордо" конуштарындагы жана Ош базарынын аймагындагы мончолор текшерилди.
Ага ылайык, Ленин районунда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы аныкталып, ага карата "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 115-беренесинин негизинде 23 миң сом айып салынды.
Ал эми Октябрь району боюнча эки күндүк рейддин жүрүшүндө 30 чарбакер субъект текшерилип, 8 протокол түзүлүп, "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 2-3-беренесинин 115-бөлүгү боюнча 106 миң 500 сомго айып салынды.
Ошондой эле Биринчи Май району боюнча 2 протокол 30 миң 500 сомго, Свердлов району боюнча 1 протокол 7 миң 500 сомго түзүлдү.
Жалпысынан "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 115-беренесинин негизинде 167 миң 500 сом айып салынды.
Мындан тышкары, тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө жол бербөө боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.