Биз социалдык тармакта

“Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде “Эр жүрөк жоокер” сынагы болду

“Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде улуу муундун арасында “Эр жүрөк жоокер” сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, камкордукка алынгандардын жана борбордун кызматкерлеринин катышуусунда майрамдык мелдеш уюштурулду.

"Бардык катышуучулар тапшырмаларды активдүү аткарып, татыктуу сыйлыкка ээ болушту.

Командалар көркөм оюн-зоок, викториналар жана аскердик темадагы салаттарды тартуулашты",-деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, катышуучулар танкисттердин, флоттун, десантчылардын кийимдерин жана Манастын кырк чоросунун кийимин кийишкен. Калыстар тобу баа берип, жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде 209 адам жашайт. Мекеменин бардык тарбиялануучуларына социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлөт. Алар кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектүү буюмдар менен толук камсыз кылынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан