Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өлкөнүн тоолуу райондорунда 24-25-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. ӨКМ алыс жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, жол азыгын, ысык суу, дары-дармек топтомун алууну эскертип, зарылдыгы жок болсо, жол жүрүүнү башка күнгө жылдырып турууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан