
Окуучулардын республикалык олимпиадасынын облустук этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 26-февралда мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын облустук III этабы башталды.
Ага ылайык, олимпиаданын облустук баскычына райондук-шаардык этапта жеңишке жеткен 1 миң 739 окуучу катышууда.