
Бишкекте жоголгон бир тууган 3 бала табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, эки күндөн бери бир тууган үч бала: 15 жаштагы Раяна Марукова менен 11 жаштагы эгиздер Исабек жана Мусабек Маруков дайынсыз болуп жаткан.
Милициядан билдиришкендей, балдар Ысык-Көлдөгү туугандарынын үйүнө кетип калышканы такталып, ошол жактан табылган.