Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3 миң 750 долларды болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт.
Маалыматка ылайык, ажыга барууга 2 миң долларды төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 27-февралдан 4-мартка (4-мартты кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүшүнө чейин 2 миң доллардан калган 1750 долларды төлөшү керек.