Биз социалдык тармакта

"Дордой" базарынын түндүк тарабындагы объектилер демонтаждалууда (сүрөт)

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы "Дордой" базарынын түндүк тарабындагы жол жээгиндеги объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иштин жүрүшүндө 5 объект жарактан чыгарылып, 218 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Мындан тышкары, 5 объект менчик ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө демонтаждалган.
Ага ылайык, бөлүмдүн кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышты.
"Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти демонтаждалган объектилердин ээлери менен ижара келишимин бузган. Ал эми буга байланыштуу башкармалык тарабынан муниципалдык жерлерди бошотуу боюнча билдирме жиберилип, мүлк ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан