Биз социалдык тармакта

"Түрк аба жолдорунун" учактарында кыргыз тасмалары көрсөтүлүп баштады

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын учактарында кыргыз тасмалары көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жалпы отчеттук жыйынында министр Алтынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү келишимге кол коюлган. Учурда "Курманжан Датка" жана "Шамбала" кыргыз тасмалары учуу учурунда көрүүгө боло турган тасмалардын репертуарына кошулду.

Жыйынга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров төрагалык кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан