Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл жана Нарын облустарына сугат тармагын тейлөө үчүн атайын техникалар берилди

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын райондук суу чарба башкармалыктарына атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, техникалар "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Тоң, Жети-Өгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн берилген. Берилген техникалардын жалпы суммасы 87 миллион сомду түзгөн.
Мындан тышкары аталган долбоордун алкагында орточо кубаттуулугу 3,5 миллион метр куб болгон 3 суу сактагычты (Үч-Коргон БСРи Тоң районунда, Шамшы БСРи Кочкор районунда, Түгөл-Сай БСРи Жумгал районунда) куруу мерчемделип, Жети-Өгүз районунда Арабел-Суу дарыясынан Жуука дарыясына сууну которуп алуу каралган.
"Долбоордо 125 чакырым жаңы ирригациялык тутумдарын куруу каралган. Суу сактагычтардын курулушу менен фермерлерге сугат сууну жеткирип берүүгө кепилдик пайда болот. Мындан сырткары 6 миң гектар жаңы сугат жерлери ишке киргизилип, 14 миң 600 гектар жер сугат суу менен камсыз болуусу жогорулайт. Натыйжада региондогу суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Аталган долбоор Суу ресурстары кызматы жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан