УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев өзү жашаган батирди жалгыз бой энеге белек кылып берди. Бул тууралуу "Регион" телеканалы маалымдады.
Андагы маалыматка караганда, Ташиевдин уулу өзү жашаган батирин 4 балалуу Тахмина Ашимовага берген. Ашимованын жолдошу 2020-жылы коронавирустан каза болгон. Ал ошондон бери батирлеп жашап келген.
"Мен Ташиевдин уулу болом деп эле алып келди. "Бүгүндөн баштап силердин үйүңөр, жылуу-жумшак жашаңыздар" деди. Мен түшүм го деп ойлодум. Аябай ыраазыбыз, жууркан-төшөк, бардык эмеректери менен экен",- деди ал көзүнө жаш алып.