Кызыл-Кыя шаарына курама командалардын машыгуусу үчүн эки футбол талаасы курулат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка караганда, анын бирөө жасалма чөп менен болсо, экинчиси табигый чөп менен болот. Демилгени жергиликтүү бийлик менен Кыргыз футбол союзу биргеликте ишке ашырат.

Ошондой эле облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы футбол ассоциациясынын жетекчиси Айбек Ражаповду кабыл алып, ага футболго кызыккан кыздарды колдоо, жер жерлерде кыздар футболун өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды койгон.