Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык сүрөтчү 70 миң мык жана зым менен Эрдогандын портретин тартты

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 70 жылдыгына карата 70 миң мык жана зым менен анын портретин тартты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, ал портретти 7 айда даярдаган. Анда Түркиянын желеги жана президент Эрдогандын "Дүйнө бештен чоң!" жана "Адилеттүү дүйнө мүмкүн!" деген сөздөрү орун алган. Портреттин салмагы 150 килограмм, бийиктиги 3 метр 30 сантиметр, туурасы 1 метр 80 сантиметр.

8 жылдан бери филография өнөрү менен алектенген 38 жаштагы Азамат Жаналиев портретти президент Эрдоганга тартуулоону каалаганын кошумчалаган.

Режеп Тайып Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Стамбулда туулган. Быйыл анын 70 жылдык мааракеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан