Ош шаарында "Алай" футболдук клубунун футболчуларынын телефондору уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Милициянын маалыматына ылайык, 22-февраль күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы "Ахматбек Сүйүнбаев" стадионунун жатаканасынан телефондор уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине дароо ыкчам-тергө тобу барып, 7 уюлдук телефон уурдалганын тактаган. Уурдалган телефондор "Алай" клубунун футболчуларына таандык болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иш-чаралары жүрүүдө. Кылмышка шектүү табыла элек.