Ысык-Көлдө синтетикалык баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга январь айында Ысык-Көл районунун аймагында белгисиз адам баңгизат сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Ананьево айылынын 20 жаштагы С.А. аттуу тургуну болуп чыкты жана ага карата өздүк тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда, анын кийиминен 31 даана кичи баштыкчаларга салынган белгисиз зат табылган. Ошондой эле ал кийинчерээк сатам деп катып койгон дагы 16 баштыкчаны көрсөтүп берген.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар синтетикалык "Альфа РВР" түрүндөгү баңгизаты экени жана анын жалпы салмагы 58 граммдан ашууне экени аныкталды.
"Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү жаран баңгизатты мессенджер аркылуу алып, жашыруун жайларга жайгаштырган, кийин баңгизаттарын колдонгон адамдар акчаларын которгондо, катылган жерлерди мессенджер аркылуу көрсөтүп берген. Интернет булактар аркылуу сатылган баңгизаттын болжолдуу баасы 200 миң сомдон ашкан", - деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүү 1 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Эми ал мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланышы мүмкүн.
Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт.