Кыргызстандын футбол союзунун экс-президенти Медербек Сыдыков ушул эле уюмдун башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Анын талапкерлиги бүгүн, 27-февралда аткаруу комитетинин жаңы шайланган курамынын биринчи жыйынында каралды. Маалым болгондой, Сыдыковду бул кызматка футбол союздун президенти Камчыбек Ташиев сунуштаган.
Аткаруу комитетинин мүчөлөрү аны бир добуштан колдошту.
Медербек Сыдыков 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын августуна чейин Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болгон, ошондой эле 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын февралына чейин КФСнин президенти болуп иштеген.