Мамлекеттик курулуш агенттиги Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жаңы аллеянын эскиздик долбоорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда аталган агенттиктен билдиришти.
Ага ылайык, аталган айылдын борбордук бөлүгүндө тротуарлар реконструкцияланат.
"Курула турчу аллея үчүн Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан акча каражат бөлүнүп, сметалык наркы 6,9 миллион сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аллеянын курулушун ушул жылдын 1-жарым жылдыгына аяктоо пландалууда.