Бишкекте видеобайкоонун жардамы менен мурда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.
Билдиргендей, 27-февралда "Ош базарында" издөөдө жүргөн Чүй облусунун 1986-жылы туулган тургуну Р.Р. аттуу жаран кармалган. Ал жүзүн таануу системасы камтылган видеобайкоо камераларынын жардамы менен колго түшкөн.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
Милициянын маалыматы боюнча ал былтыр 21-ноябрда болжол менен саат 00:13 чамасында Фирсов көчөсүндө эркек кишиге бычак сайып, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.