Таласта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул туралуу бүгүн, 27-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, январь айынын аягында милицияга Темке аттуу киши баңгизат сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Талас ОИИБ кылмыш ишин козгоп, шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү учурунда марихуана баңгизаты табылган.
Тергөөдө шектүү делген Темке аттуу адам Талас облусунун 1978-жылы туулган тургуну К.К. экени аныкталган. Мындан тышкары ал ИИМдин ыкчам каттоосунда "Талас бригадасы" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турары белгилүү болгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.