Өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасы ушул жылдын 26-29-февралына чейин текстиль тармагына бизнес-тур уюштурду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турдун алкагында өлкөнүн ишкерлери Бурса шаарынын (Түркия) Соода жана өнөр жай палатасына барышып, текстиль тармагында алдыңкы фабрикалар менен B2B форматындагы жолугушууларга катышты.
Жыйынтыктардын бири катары "L.I.R.T" ЖЧК, "Бамбино 2" ЖЧК, "Энергодорстрой" ЖЧК, ошондой эле "Баатырбеков" жана "Жанузаков" ИП өкүлдөрү болгон атамекендик өндүрүшчүлөр "Volkan Tekstil", "Derhan Tekstil", "Canmoda" сыяктуу компаниялар менен келишимге жетишип, кызматташуу боюнча меморандум түзүштү.