Биз социалдык тармакта

Өлкөгө кызамыкка каршы вакцинанын 264 миңден ашык дозасы келет

Кыргызстан кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, вакцина сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык иммунопрофилактика борборуна вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасы 28-февралда өтөт, ага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат.

Кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабынын алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки балдар эмдөөдөн өтүшөт. Вакцина ошондой бейтап менен байланышта болгон бардык адамдарды шашылыш эмдөө үчүн жер-жерлерге жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан