Атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов социалдык тармактагы баракчасына UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Ислам Махачев менен машыгуу видеосун жарыялады.
"Күрөш - бул өмүр", - деп жазды видеонун астына Хабиб Нурмагомедов.
Ислам Махачев карьерасында 26 беттеш өткөрүп, анын 25инде жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми Хабиб Нурмагомедов 29 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.