Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган 15 курал-жарак аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 курал-жарак алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-18-февраль күндөрү милиция кызматкерлери курал-жарактарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоого багытталган "Арсенал" аталышындагы операция жүргүзүшкөн.

Ага ылайык, миңдеген мергенчилер жана 148 газ-травматикалык куралдын ээлери текшерүүдөн өткөрүлүп, ок атуучу куралдар сакталган лицензиялык системанын 21 объектиси текшерилген.

Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 ок атуучу куралдар алынып, 89 протокол түзүлгөн.

"Анын 63 учуру ок атуучу куралдарды сактоо шарттарын бузуу, 23 учуру каттоо мөөнөтүнүн эрежесин бузуу болуп саналат. Бул фактылар боюнча жалпысынан 78 миң сом айып салынып, анын 42 миӊ сому өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан