Жалал-Абадда дарыгердин рецеби жок күчтүү дары саткан дарыкана аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Жалал-Абад шаарынын аймагындагы дарыканалардын биринде предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын мыйзамсыз жана дарыгердин рецеби жок сатып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Бул боюнча териштирүү иштери башталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын биринде дарыгердин рецеби жок “Медакс” дарыларын сатып жаткандыгы аныкталган.
"Учурда териштирүү иштери уланууда. Мындан сырткары облус аймагындагы дарыканаларда дарыгердин рецеби жок күчтүү таасир берүүчү дарыларды сатпоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүуүдө.