Баткенде жарандын унаасын тартып алууга шектелип 3 жигит кармалды

Кызыл-Кыя шаарында жарандын унаасын тартып алып, тоноочулук кылган 3 шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 24-февралда болжол менен саат 02:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарында Opel Vectra үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан жаранды үч бала токтотуп, кол телефонун жана унаасын тартып алышкан.
Унаасынан айрылган 24 жаштагы А.у.О. ошол эле түнү шаарда кызматын өтөп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлерине жолугуп калып, окуяны айтып берген. Аталган кызматтын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзгөндө анын автоунаасын айдап качкан жаран жол кырсыгына кабылып, материалдык чыгымга учурагандыгы белгилүү болгон.
Ал эми жабырлануучунун арызы Кызыл-Кыя ШИИБине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) жана 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы Т.К., 19 жаштагы П.С. жана И.Б. аттуу тургундары кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан