Ысык-Көл облусунда майнинг-фермасын электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК менен Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферманы аныкташкан. Ал майнинг-ферма электр энергиясын уурдоо менен криптовалютаны мыйзамсыз чыгарып келген.
Тинтүү учурунда үйдүн кампасынан 12 даана атайын жабдуулар табылган.
Учурда келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат.