УКМК 1 миллион 300 миң сомдук баңгизатты алып жүргөн адамды кармады

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизат таратып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 26-февралда Ысык-Ата районунун Ивановка айылында өзүнүн Субару Легаси В4 үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан М.К.дан 152 грамм салмактагы кара куурайдын жыты бар 10 ширенке кутусу жана 200 миң сомдон ашык акча каражаты табылган.

Мындан тышкары, анын Бишкектеги үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө 496 грамм салмактагы баңги заты табылган. Натыйжада алынган жалпы баңги затын салмагы болжол менен 650 граммды түзүп, 1 миллион 300 миң сомго жакын бааланган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүнө (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат кармалган жаран Чүй облусуна жана Бишкек шаарына белгилүү өлчөмдөгү баңгизаттарды үзгүлтүксүз таратып жүргөн деп эсептейт.

Шектүү делген 1985-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну М.К. Чүй ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан