Эркиндигинен ажыратуу жайларында опузалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдар башка соттолгондордон коркутуу жолу менен акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун 2000-жылы туулган тургуну К.К. соттолгон, №25 ТКЖ (Ош шаары) тергөө абагында кармалгандыгы аныкталган.
Аталган жаран мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоодо турат. Ал дагы эки опузалоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.