Биз социалдык тармакта

"Күн бир аз жылыйт". 29-февралга карата аба ырайы

Эртең, 29-февралда Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 даража,

Талас аймагында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7ге чейин жылыйт.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+4 градус болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан