
“Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Театралдык скверинин аянтындагы скважинаны бургулоо иштерин толук бүтүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, бул скважинанын тереңдиги 100 метр, кубаттуулугу саатына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт. Бул скважина болжол менен 10 гектар аянтты сугарып жашылдандырат.
Ага ылайык, шаар райондорунун кургакчыл жана суусу аз аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн скважиналар бургуланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин бул ишти “Бишкек суу чарба” ишканасы алып барган.