Ысык-Көлдүк тургундун сарайынан мыйзамсыз сакталган курал табылды

Түп районунда мыйзамсыз сакталган курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, облустук милициянын туристтик-экологиялык кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча операция жүргүзүшкөн.
Ага ылайык, 27-февралда Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынын 1985-жылы туулган М.М. аттуу тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын сарайынан 12 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал табылган.
Бул факты Түп РИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан