Кечээ, 28-февраль күнү кечинде Бишкектеги үч кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, куткаруучулар жалынды токтотуп калышты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык Ленин районунун Товарная 2 көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:12де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 20:20да 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.